Неврит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|300px|Неврит '''Неврит''' (байыркы грек тилинен νεῦρον — «нер..."
 
2-сап:
'''Неврит''' ([[Байыркы грек тили|байыркы грек тилинен]] νεῦρον — «нерв») — четки нервдердин сезгенүү оорусу ([[Четки нерв системасы]]).
== Пайда болгон себептери ==
Ага ичкилик, сымап, коргошун, мышъяк менен [[Уулануу|уулануу]], [[Жугуштуу оорулар|жугуштуу оорулар]], авитаминоздор, [[Кант диабети|кант диабети]], [[Травма|травма]] себеп болот. Завод, фабрикаларда жана кен чыккан жерден сымап, коргошун, мышъяк менен иштегендер гигиена режимин туура колдонбогондуктан невритке учурайт.<br />
 
== Натыйжасы ==
Невритте нерв жайгашкан жер сыздап ооруп, булчуңдар атрофияга учурайт, нервдин сезгичтиги өзгөрүп, жабыркаган мүчө ийне менен сайгыласа да, жылуу же муздак нерсени сезбей калат. Ошондой эле кол, бут муздап, чымырап уктап калышы мүмкүн. Кээде оорулуунун буту-колу ооруп шалга айланат. Невриттин кээ бир түрүндө оорулуунун мүчөлөрү шишимик тартып, көгөргөнсүп, муздап, жараланып кетет.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Неврит" булагынан алынды