Карчыга сымалдуулар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
20-сап:
 
==Куш мүнүшкөрчүлүктө==
''Куштун кырааны тоодон каз, куу алат. Түлөк куш кыйды, акылдуу болот. Куштун жашы 7-8дөн өтпөстөн өмүрү кыска болот. Кушту буктурмага үйрөтүп салганы көп болгон. Кандай куш болсо да, кекилик, чил, кыргоолду ала берет. Кушту алтыдан он эки күнгө чейин таптап салууга мүмкүн, жемине жылкы, кой этин жана алдырган илбесиндин этин берет. Муздак бербестен, бүткүл жемин жылуу берет. Куш артыкча учкул болуп, ушул куш көбүнчө тегеректен чыгат. Куштун кырааны сындуу, мүрүсү калың жүндүү, барак төштүү болуп, тик олтурат, Башка кыргыздан куш салууга солто кыргызы артыкча мүнүшкөр уста болот. Кушка тоодак алдыруу-четтен чыгат. Кыргыздын мүнүшкөрү күйкөгө кекилик, чил, борбашка чымчык алдырат. Бүркүт, ылачын, ителги шумкарга кушка томого каптабайт. Бул айтылгандар аңды тээп алса, куш чүйлү, туйгун, тынар, кыргый илип алып олтуруп калат. Жаки өлтүрүп кетет. Эгерде ала албаса арты-нан куубайт, тигилер өлгөнчө кууйт.''<ref>[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/sanjyra/kkt2/section57.html#title82 Б. Солтоноев. Кызыл Кыргыз тарыхы, 2 т. - Б., 1993]</ref>
 
== Колдонулган адабияттар ==