Омуртка тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "[[Файл:Gray 111 - Vertebral column-coloured.png|thumb|Кишинин омуртка тутуму<br /> '''Белгилөө'''<br /> {{color|#8B1A1A|«#»}} — Моюн о..."
 
No edit summary
17-сап:
Куймулчак омурткалары бири-бири менен кыймылсыз биригип, жамбаш сөөктөрүнө бекийт да, жамбаш чарасын түзөт. Моюн, көкүрөк, бел жана чычаң омурткалары бири-бири менен кыймылдуу тутумдашат. Омурткаларга бекиген булчуңдар жыйрылып, омуртка тутуму кыймылга келтирет. Омуртка тутумунун узундугу эркектерде 60—75 см, ал эми аялдарда 60—65 см. Улгайган адамдардын омуртка тутумунун узундугу орто эсеп менен 5 смге кыскарат, анткени улгайган сайын омуртка тутумунун иймектери көбүрөөк ийилип, омурткалардын ортосундагы кемирчек жукарат.
== Омуртка оорулары ==
Омуртка тутумунун алдынан артка, арттан алдыга карай ийилген жерлери бар. Эгерде омуртка тутуму сыртын карай ийилсе — ''кифоз'', ичин карай ийилсе — ''лордоз'', ал эми капталга ийилсе ''сколиоз'' деп аталат. Дени соо кишилерде омуртка тутумунун физиологиялык ийилген жерлери, ошондой эле ар кандай оорулардын таасири астында, балдардын столго, партага туура эмес олтурушунан патологиялык ийрейиши мүмкүн ([[Сколиоз (омуртка тутумунун кыйшайышы )|Омуртка тутумунун кыйшайышы]]). Омуртка тутумунун физиологиялык ийрейишине моюн жана бел лордозу, көкүрөк жана куймулчак кифозу, ошондой эле көкүрөк сколиозу кирет. Физиологиялык лордоз менен кифоз бардык адамдарда кездешет. Көкүрөк кифозу менен бел лордозу эркектерге караганда аялдарда көбүрөөк өөрчүгөн. Омуртка тутумунун ийрилери адам тик турганда жакшы байкалат. Адамдын келбети омуртка тутумунун ар кандай деңгээлде ийилишине жараша болот. Омуртка тутумунун ийрилүүсү киши төрөлгөндөн кийин гана пайда болот. Жаңы төрөлгөн баланын омуртка тутуму алдыга ийилген жаага окшош. Ал эми бала башын көтөрүп, токтотуп жана отура баштаган кезде моюн, желке булчуңдарынын өөрчүшүнүн таасири астында моюн лордозу пайда болот. Бала баса баштаганда бел лордозу, ошол эле мезгилде көкүрөк жана куймулчак кифозу пайда болуп, денени тикесинен тең салмакта кармап туруу үчүн ылайыктуу шарт түзүлөт. Ошону менен бирге омуртка тутумунун ийрилери тикесинен турган адамдын омурткаларынын ортосундагы урунууну азайтып, басканда, чуркаганда, секиргенде алардын сынып кетишинен сактайт. Омуртка тутуму боюнча узата жайгашкан көп сандаган муундардын, кемирчектердин жардамы менен ар кандай кыймылдарды ишке ашырууга болот. Моюн жана бел бөлүгүндө кыймыл абдан өөрчүгөн, анда ичке жана сыртка карай айлануу кыймылдары ишке ашат. Ал эми омуртка тутумунун көкүрөк бөлүгүндө омурткалардын арткы урчуктары бири бирине жакын жана катталышып, алды жактан ага бекиген кабыргалар төш сөөккө биригип, көкүрөктү түзүп, омурткалардын арасындагы кыймыл болот.
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8