Эпос: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: ie:Epos
No edit summary
3-сап:
*2. [[Фольклор|Фольклордогу]] [[эпика|эпикалык]] түргө кирүүчү [[ыр]] формасындагы көлөмдүү чыгармалар.
 
Эпостордо элдин тарыхый турмушу, маданий-социалдык абалы, карым-катнашы, үрп-адаты, келечектен күткөн тилеги кеңири чагылдырылат. Байыркы эпостордо [[Мифология|мифологиялык]] белгилер күчтүү болсо, улам мезгил өткөн сайын эпостор адам турмушунун реалдуу көрүнүштөрүнө жакындап олтурганын байкоого болот. Эпос дүйнөнүн көптөгөн элдерине мүнөздүү болсо да, кыргыз элинде алардын өзгөчө залкар үлгүлөрү бар. Кыргыз эпосторун көлөмүнө, андагы окуялардын камтылышына карап шарттуу түрдө ''улуу'' (чоң) эпос ([[«"Манас»" эпосу]]) жана кенже (кичине) эпостор («Манаска» салыштырмалуу башка эпостор) деп экиге бөлөбүз. Ал эми идеясына, окуялардын мүнөзүнө жараша баатырдык жана турмуштук-социалдык деп эки жикке ажыратылат. Баатырдык эпостордун [[мазмун|мазмунун]] башкы каармандардын сырттан келген баскынчыларга жана ички душмандарга каршы күрөшү түзөт да, элдик баатырдын айланасына элдик идеалдагы бүтүндөй оң сапаттардын баары топтолот. Мындай посторго «[["Манас»" эпосу|"Манас"]], [[«Жаныш-Байыш» эпосу|«Жаныш-Байыш»]], [[«Курманбек» эпосу|«Курманбек»]], [[«Шырдакбек» эпосу|«Шырдакбек»]], [[«Эр Табылды» эпосу|«Эр Табылды»]], [[«Жаңыл Мырза» эпосу|«Жаңыл Мырза»]] ж. б. кирет. Турмуштук-социалдык эпостордо эл турмушунун ар кандай жактары – эркин сүйүүгө умтулуусу, эски салтка каршы күрөшү, бийлик талашуулары ж. б. ар түрдүү кырдаалдардагы жашоо-тиричиликке байланышкан окуялары сүрөттөлөт. [[Кыргыздар|Кыргыздардын]] ата-бабалары урпактарына социалдык-турмуштук мазмундагы: [[“Саринжи-Бөкөй” эпосу|“Саринжи-Бөкөй”]], [[“Кедейкан” эпосу|“Кедейкан”]], [[“Кожожаш” эпосу|“Кожожаш”]], [[“Олжобай менен Кишимжан” эпосу|“Олжобай менен Кишимжан”]] ж. б. эпосторун калтырды. Эпостор төкмө акындар же атайын айтуучулар тарабынан искусствонун башка түрлөрүнүн ([[комуз]], [[ооз комуз]], ар кандай обондор, [[синкретизм]]) жардамы менен элге жетип турган.
== Колдонулган адабияттар ==
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эпос" булагынан алынды