Майлар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
л
 
No edit summary
7-сап:
Майлар организмге күч-кубат берүүчү негизги азык зат жана ткандардын структурасын түзүүдө зарыл. Майлардын калориясы өтө жогору, анын жылуулук чыгаруу жөндөмдүүлүгү белок менен углеводдордон 2 эсе күчтүү. Организм майларды жашына, конституциясына, ден соолугуна, климаттык шартка, кыймыл активдүүлүгүнө жана башкалар жараша керектейт. Жаш өткөн сайын тамак менен келүүчү майдын өлчөмүн азайтуу керек. Организм суткасына жаныбар майын 70%, өсүмдүк майын 30% кабыл алуусу талапка ылайык. Сүт майларынын сапаты жогору жана биологиялык касиеттери мыкты. Бул М-да витаминдер (А, Д2 Е), фосфатиддер, алмаштырылбас май кислоталары көп. Эрүү температурасы 37° болгон чочко, уй, кой майлары каз, өрдөк майына караганда начар сиңет. Өсүмдүк майлары оңой сиңет жана алар алмаштырылбас май кислоталарына, Е витаминине, фосфатиддерге бай. Өсүмдүк майынын биологиялык баалуулугу ар кайсы кошундулардан тазалоо деңгээлине жараша болот. Тазалоодо стериндер, фосфатиддер жана башкалар биологиялык активдүү заттар жоголот. Комбинацияланган майларга (өсүмдүк жана жаныбар майлары) маргариндин түрлөрү, кулинария майы жана башкалар кирет. Тамактанууга кеңири керектелүүчү майлардын бири — маргарин. Маргаринде А, Д витаминдери, фосфатиддер жана башкалар биологиялык активдүү заттар көп. Тамактанууга керектелүүчү майлар сакталганда түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, сапаты начарлайт. Ошондуктан майларды узак сактаганда жарыктын, абанын, жылуулуктун жана башкалар таасиринен сактоо зарыл.
 
== Май алмашуу жана анын бузулушу ==
 
Карагыла [[Май алмашуу жана анын бузулушу|май алмашуу жана анын бузулушу]].
 
 
== Колдонулган адабият ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Майлар" булагынан алынды