Полинефрит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Полинефрит''' — көбүнчө кол-бут нервинин оорусу. <br /> == Пайда болуу себеп..."
(Айырма жок)

14 август 2012, саат 08:06 учурдагы нуска

Полинефрит — көбүнчө кол-бут нервинин оорусу.

Пайда болуу себептери

Полинефрит өзүнчө оору катары, ошондой эле инфекциялык оорулардын (мисалы, кептөөр, дизентерия) же зат алмашуунун бузулушу менен мүнөздөлгөн оорулардын (мисалы, кант диабетинен болгон полинефрит) кабылдоосу катары пайда болушу мүмкүн. Полинефрит ичеги-карын оорусунун кесепетинен нерв тканына керек заттардын жана витаминдердин сиңирилиши бузулгандарда да болот. Мышьяк, сымап, коргошун, ошондой эле турмуш-тиричиликке керектелүүчү химиялык каражаттарды туура эмес колдонуп уулануудан пайда болгон полинефрит өзгөчө топту түзөт.

Оорунун жүрүшү

Оору башталганда кол-буттун башы чымырап, жылуу мезгилде да муздагансып, сыздап, сайгылашып ооруйт. Бара-бара бут алсызданып, басуу, ошондой эле кол менен бир нерсени кармоо да кыйындайт. Кол-буттун булчуңдары кичиреет (атрофия). Кол чеңгелинин жана бут кетменинин сезгичтиги жоголот.

Дарылоо

Дарылоо врачтын көрсөтмөсү жана көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Адегенде оорунун себебин аныктоо маанилүү. Катуу кармаганда төшөккө жатуу керек. Дарыдан тышкары физиотерапиялык процедуралар, айыктыруучу физкультура; өнөкөт түрүндө курортто дарылануу сунуш кылынат. Инфекциялык оорудан жана зат алмашуунун бузулушунан болуучу полинефритти өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо жана уу химикаттарды инструкциясын бузбай колдонуу менен алдын алуу керек.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8