Психиатрия: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|250px|Психиатрия == Психиатрия == '''Психиатрия'''(немис тилинен ..." |
No edit summary |
||
1-сап:
[[Файл:Психиатрия.jpg|thumb|250px|Психиатрия]]
== Психиатрия ==
'''Психиатрия''' ([[Немис тили|немис тилинен]] psychiatrie [[Грек тили|грек тилинен]] ψυχή — жан жана грек. ιατρός — доктур; грек. ιατρικός — доктурлук, [[Медицина|медициналык]]) — медицинанын [[Психика|психикалык]] оорулардын себебин, белгилерин жана өөрчүшүн изилдөөчү, аларды дарылоо, алдын алуу, психикалык ооруларга жардам уюштуруу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү.
== Тарыхы ==
Психиатрия өзүнчө илимий тармак болуп 18-кылымдын аягында калыптанган. Акыркы жүз жылдыктын ичинде психиатрия ири ийгиликтерге жетишти. Кишинин психикасы бузулган оорулардын мурда айыкпаган көптөгөн формалары айыгууда. Оорулуу врачка канчалык эрте кайрылса, ошончолук дарылоо натыйжалуу болот. Тилекке каршы көпчүлүк оорулуулар өзүн соо эсептеп, врачка кайрылышпайт, анын үстүнө психиатрдын каттоосунда болууну каалашпай же жакындары оорулууну өзү жакшы болуп кетээр деген ой менен жашырып эч кимге айтпай, ага чоң зыян келтиришет. Азыркы мезгилдеги психиатрия жалаң гана психоздорду дарылабастан психопатия, невроздор, аракечтик, уйку качууда да жардам берүүдө. Оорулуунун абалын текшерүүдө физиология, биохимия, психология, генетика илимдеринин методдору колдонулууда. Жин ооруларынан айыктыруу мүмкүнчүлүгү кеңейди.
|