Пульс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|right|Пульсту текшерүү '''Пульс''' (латын тилинен pulsus — уруу, кагыл..."
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Radial pulse.jpg|thumb|right|Пульсту текшерүү]]
'''Пульс''' ([[Латын тили|латын тилинен]] pulsus — уруу, кагылыш) — [[Жүрөк|жүрөктүн]] жыйрылуусунун натыйжасында [[Кан-тамырлар|кан тамырларга]] кан түртүлүп чыкканда пайда болгон кан тамырлардын капталынын термелүүсү.<br />
== Түрлөрү ==
Пульстун ''артериялык'', ''веналык'' жана ''капиллярдык'' түрлөрү белгилүү. Оорулууну изилдөөдө артериялык пульстун мааниси чоң. Анын жардамы менен жүрөктүн гана эмес, башка органдар жана системалардын ооруларын аныктоого болот. Артериялык пульсту билек артериясын кармап изилдейт. Дени соо чоң кишилердин пульсунун ылдамдыгы 1 минутада 60—80ге барабар. Балдардыкы чоңдорго караганда, аялдардын пульсу эркектердикине караганда ылдамыраак кагат.
== Аталыштары ==
Жүрөктүн кагуу ылдамдыгы 1 минутада 90дон ашса — ''тахикардия''; 60тан төмөн болсо ''брадикардия'' деп аталат. Нормада тахикардия кара жумуш иштегенде, түрдүү эмоцияларда болот. Патологиялык тахикардия жүрөк ооруларында, эт ысыганда, кээ бир ууланууда жана башкалар байкалат. Жай соккон пульс машыккан спортсмендерде кезигет. Нормадагы пульс ыргактуу болуп, кан жүгүрүү толкундарынын таралышы бирдей убакыттан кийин кайталанып турат. Пульс толкундарынын убакыт аралыгы тең болбосо аритмияга алып келет. ([[Жүрөк - кан тамыр системасы|Жүрөк-кан тамыр системас]]ы, оорулары). Пульстун толуктугу систола учурунда жүрөктөн келген кандын көлөмүнө, денедеги кандын жалпы көлөмүнө жана анын органдарга бөлүштүрүлүшүнө жараша болот.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Пульс" булагынан алынды