Шаманчылык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот өзгөрттү: zh:巫覡宗敎
1-сап:
[[File:SB SB_- Altay shaman with gong_Altay_shaman_with_drum.jpg|thumb|200px]]
 
'''Шаманчылык''' - (эвенк. шаман, саман – делөөрүгөн адам) – диндин эң байыркы формаларынын бири. Ш. камлания (эмдөө-домдооырларын ырдоо ж-а даб же жаргак м-н капталган тегерек музыка инструментин койгулоо м-н коштолуп, адамды делөөрүгөн экстаз абалга алып келген ырым-жырым) учурунда шамандын же бүбү-бакшынын көзгө көрүнбөгөн рухтар м-н мамиле түзүүсүнө байланышкан ишенимге негизделген. Ошондуктан, Ш-та адамдар м-н рухтар дүйнөсүнүн ортосунда далдалчылык кызматты шаман аткарган. Ш-лык Африканын, Түндүк ж-а Чыгыш Азиянын элдеринде, Американын индеец урууларынын арасында кеңири таралган. Ш-тын негизги функциясы – дарт-дабалуу адамдарды «дарылоо». Шамандар камлания учурунда жеке адамдардын жанынын кожоюну болуп эсептелген рухтардан адамды дартка чалдыктырган оору-сыркоону кубалоону, тумарларга жандуу күч берүүнү, төлгө тартууну, баласыздарга бала тартуулоону, малдын төлүнүн амандыгын, түшүмдүн мол болушун ж.б. суранышкан; жин-шайтандар, албарстылар сыяктуу терс күчтөр м-н кармашышкан; кожоюн рухтардан өзүнүн каалоо-тилегин ишке ашырып коюуну өтүнүшкөн, рухтардын атын атоо м-н көзү ачыктык кылышкан; түлөө, курмандыкка чалуу сыяк-туу магиялык иш-аракеттердин жардамы аркасында рухтардан оорулуу адамдын жанын, жаңы төрөлгөн наристенин күчүн, ийгиликтүү аңчылыкты сурап алышкан. Ш. палеолит доорунда пайда болгон. Ба-йыркы адамдар өздөрүнүн өлгөн тууган-туушкандарынан коркушкан ж-а аларды сыйлашкан. Алардын пикири б-ча өлгөн адамдын жаныдагы деле болсо жашай берген. Ошол себептен алар арбактарды тамак-аш м-н камсыз кылышкан, алар м-н кошо жаныбарларды көмүшкөн, өлгөн адам үшүбөсүн үчүн сөөктү очоктон алыс эмес жерге көмүшкөн ж.б.у.с. магиялык иштерди жасашкан. Аска бетиндеги сүрөттөрдө ийгиликтүү аңчылыкты шарттаган ырым-жырым бийлери сакталып калган. Бул сү-рөттөрдө жаныбарлар сыяктаныпки-йинген шамандар өзгөчөлөнүп турат. Байыркы адамдар шамандардын образы аркылуу адамдын өмүрү м-н өлү-мүн, жаны м-н денесин терең
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Шаманчылык" булагынан алынды