Сепсис: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Сепсис''' (кандын бузулушу, жалпы ириңдүү инфекция, ириңдүү кан) — бир жердин инфекция очогунан..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Сепсис''' ((илгерки грек. σῆψις — чирүү, кандын бузулушу, жалпы ириңдүү инфекция, ириңдүү кан) — бир жердин инфекция очогунан ириңдетүүчү микробдун кан жана лимфа жолдоруна өтүп, андан оорулуунун бардык тканы менен органдарына жайылуучу жалпы инфекциялуу оору.
== Сепсистин булагы ==
Булганган жараат же ар кандай ириңдүү жаралар ([[чыйкан]], [[сыздоок]], флегмона жана башкалар) Сепсистин булагы болуп эсептелет. Ымыркай баланын киндигинин ириңдеши Сепсиске алып келет. Төрөгөндөн кийин жатын көңдөйүнүн ириңдеши төрөттөн кийинки Сепсисти пайда кылат (к. Төрөттөн кийинки оорулар). Сепсисти көбүнчө стафилококк, стрептококк, айрым учурда пневмококк, гонококк, ичеги микробдору жана башкалар козгойт.
== Сепсистин өөрчүшү ==
Сепсистин өөрчүшүнө ириңдетүүчү микробдордун оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле арыктоо, витамин жетишсиздиги же кандайдыр бир оорунун натыйжасында организмдин коргонуу күчүнүн начарлашы түрткү болот.
== Сепсистин оор формасы ==
Сепсистин оор формасында канда микроб көбөйүп, анын тиричилик аракеттеринен пайда болгон уу заттар кызыл кан денечелерин (эритроциттерди) бузат. Бул учурда дене ысыйт (39—40° С), чыйрыгат, тердейт. Кээде тери саргайып, кызыл бүдүрлөр чыгат. Бара-бара интоксикация күчөп, өлүм коркунучу туулат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сепсис" булагынан алынды