«Аполлон» - АКШнын Айга учуучу 3 орундуу космос кемелеринин сериясы жана аларды учуруу программасы. Программада 1961-жылы «Аполлон» космос кемесин жана «Сатурн-5» оор ракета алып жүргүчүн, техника жана старт комплексин, учууну башкаруунун командалык-ченөө комплексин куруу каралган. «Аполлон» кемесинин массасы 47 ога жакын, узундугу 17,68 м. Старт алдында жана орбитага чыгарганда кабина ичиндеги аба 60 % кычкылтектен, 40 % азоттон турат. Ай бетинде 3-4 с иштеп, жашоону камсыз кылуучу автономдуу система пайдаланылат. Учуу-конструкциялык сыноо процессинде «Сатурн-5» ракета алып жүргүчү жана «Аполлон» космос кемеси 10 жолу учкан. Анын алтоо учкучсуз («А.-1» - «А.-6»), төртөө («А.-7» - «А.-10») учкуч менен учурулган. Учуруулар Жерге жакын учуучу «Сатурн-1В» жана Жерден алыс учуучу «Сатурн-5» ракета алып жүргүчтөрү менен ишке ашырылган. 1969-72-жылдарда Айга 7 жолу учурулуп («А.-11» «А.-17»), алардын алтоо Айга конгон, бирөө («А.-13», 1970) экспедициянын негизги блогунун энергия менен камсыздоо системасы бузулуп, космос кемеси Жерге кайткан. «Аполлондун» Айга учушу 8-12 суткага жетип, Айда болуу убактысы 21,5-75 с-га эсептелген. 1969-жылы 21-июлда «А.-11» кемесинде Н. Армстронг жана Э. Олдрин (экипаждын үчүнчү мүчөсү М. Коллинз айга жакын орбитада негизги блокто калган) Ай бетине конушкан. Алардын негизги максаттарынын бири Жерге Ай топурагынан алып келүү болгон. Ай орбитасына жеткенде экөө Ай кабинасына өтүп, аны менен Айга конгон, тапшырмалар аткарылгандан кийин ошол кабина менен кайра учуп, ал орбитада калган орбиталык кеме менен кайрадан бириктирилип, Жерге кайтып келген. «А.-15» (1971), «А.-16» жана «А.-17» (1972) Ай экспедицияларында Айга эки орундуу «Ровер» планетоходу астронавттарды Ай бетине түшүргөн. 1972-жылы «Аполлон» ишин аяктаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү