Ар-Намыс (партия)

«Ар-Намыс» саясий партиясы‎»‎ барагынан багытталды)

«Ар-Намыс» саясий партиясы - 1999- ж. 9-июлда түзүлүп, каттоодон 1999-ж. 19-августта өткөн оппозициялык багыттагы партия.

  • Эки жолу съезд өткөрүшкөн: 1-5-январь 2000-ж., 2-12-апрель 2000-ж. Партиянын 2-съездинде баштапкы уюмдарга иштөөнүн жашыруун шарттарына өтүүгө чечим кабыл алынган.
  • 2001-ж. 3-ноябрда Кыргызстан элдик Конгресси түзүлгөн. Ага «Ар-Намыс» (Э.А. Алиев), «Эркиндик» (Т.Т. Тургуналиев), «Ата-Мекен» (Ө.Ч. Текебаев) жана Эл (Бей-бечаралар) (М.Эшимканов) партиялары киришкен. Конгресстин төрагалыгына Ф.Кулов шайланган.
  • 2002-ж. Конгресстин курамына «Социал-демократиялык партия» (А.Атамбаев) кошулуп, ал эми «Эркиндик» анын курамынан чыгып кеткен.
  • 2000-ж. президенттик шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы Ө.Текебаевди президенттикке, Ф.Куловду - премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн. Партиянын негизги максаты - чыныгы укуктук, демократтык мамлекетти түзүү жолу менен калкка татыктуу жашоону камсыз кылуу.

Урааны - ар-намыс, тартип, жыргалчылык. Саясий кеңешинин төрагасы Ф.Ш. Кулов, штаб жетекчиси Э.А. Алиев 2010-ж. 10-октябрдагы парламенттик шайлоодо 229 916 добуш алып (жалпы шайлоочулардын 7,57%ын түзгөн), парламенттен 25 депутаттык орунга ээ болгон.

Азыркы күндө «Ар-Намыс» партиясы коалициялык көпчүлүккө кирген жана анын лидери Ф.Кулов бул коалициянын жетекчилигине шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8