«Игордун кошууну жөнүндө сөз»

«Игордун кошууну жөнүндө сөз» - 12-кылымдын аягындагы байыркы орус адабиятынын классикалык чыгармасы; Новгород князы Игорь Святославичтин 1185-ж. кыпчактарга (половецтерге) каршы чабуулу жөнүндө белгисиз автор жазган баян. Лирикалык-эпикалык жанрдагы «Сөз» 12-кылымдагы орус, украин жана белорус элдеринин орток мурасы. 18-к-дын 90-жылдарында граф анын ичинде Мусин-Пушкин Ярославль ш-нан таап, азыркы орус тилине которуп, 1800-ж. Москвада басылып чыккан. «Сөздүн» мотивдери жана образдары А. Н. Радищев, В. А. Жуковский, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, К. Ф. Рылеев, Н. М. Языков, А. Н. Островский, А. А. Блоктун чыгармаларында чагылдырылган. Анын негизинде адабият жана иск-во чыгармалары жазылган. «Сөз» кезегинде СССР элдеринин жана көп чет тилдерге которулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү