АКШдагы №1 синглдар тизмеси (Billboard)

АКШдагы №1 синглдар тизмеси (Billboard Hot 100 # 1) Billboard журналы жүргүзгөн ар апталык Hot 100 хит-параддарында биринчи орунду алган (Number 1) ырларды камтыйт. Хит-параддын азыркы калыбы АКШда 1958-жылы негизделген. Азыркы учурда синглдардын жалпы рейтингин түзүүдө физикалык жазма ташуучулардын сытылышы, интернеттен жүктөө, угуу жана видеолордун көрүлүүсү эске алынат.

Эсептөөнүн жалпы ыкмасы түзөтүү

Хит-парад азыркы калыбында АКШда 1958-жылы популярдуулукту эсептөө ыкмаларынан радиостанция жана музыкалык автоматтарда орун алмаштыруу (ротация) чыгарылгандан кийин пайда болгон. 1998-жылга чейин хит-парад жалгыз гана синглдардын музыка дүкөндөрүндө сатылуусунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. 1998-жылы журнал өзүнүн чартын түзүүдө кайрадан ырлардын радиостанциялардагы популярдуулугун эске ала баштаган. Ошондуктан хит-параддын аталышындагы "синглдар" (Singles) сөзү "ырлар" (Songs) деп алмаштырылган. 2005-жылдын 12-февралынан тартып, Billboard Hot 100 чартында iTunes Store, Musicmatch (Yahoo! Music) жана Rhapsody сыяктуу онлайн-кызматтар аркылуу санарип жүктөп алуулар да эске алына баштаган. Billboard журналы онлайн интернет дүкөндөрдөгү тармактык сатыктардын жыйынтыктарын (санарип жүктөп алуулар же «Digital download») биринчи жолу 2003-жылы Hot Digital Tracks деп аталган өзүнчө санарип чартында эске ала баштаган. Бирок анда бул ырларды жалпы Hot 100гө али кошушкан эмес. Анан да бул чарт (өзүнчө Hot Digital Songs катары) ырдын ар бир версиясын өзүнчө санаган (бул чарт азыр да Hot Digital Songs менен параллел түрдө бар). 2007-жылдын 11-августунан тартып, Billboard Hot 100 рейтингин түзүп жатып, стриминг (streaming media) жана on-demand кызматтарынын маалыматтарын да эсепке кошо баштаган. Nielsen BDS үчүн статистика камсыз кылган алгачкы эки ири компания AOL Music жана Yahoo! Music болгон. 2012-жылдын октябрынан баштап эсепке Spotify, Muve, Slacker, Rhapsody, Rdio, Xbox Music сыяктуу онлайн кызматтардын стримиңдик маалыматтары (streaming data) кошулган. Streaming Songs чартынын кеңейиши 2013-жылы январь айында Spotify жана MySpace, ошондой эле on-demand audio titles кызматтарынын вэб-радио агымдарын кошушкандан кийин жүзөгө ашкан.

2013-жылдын 20-февралынан бери видеоклиптердин YouTube кызматындагы көрүлүүсүнүн саны да эске алынып келет. Мында расмий видеоклиптер дагы, лицензияланган аудиожазмалар саунтрек катары колдонулган башка бардык (колдонуучулардын) роликтер(и) дагы эске алынат. 2015-жылы 15-августта Nielsen Music кызматы альбом жана синглдердин рейтингин эсептөөгө Apple Music кызматын кошкон. Мурда чарттарды түзүүдө Amazon Prime, Apple Music, Beats Music, Google Play, Medianet, Rdio, Rhapsody, Slacker, Tidal, Spotify жана Groove Music Pass (мурдагы Xbox Music) стримиң кызматтарын эске алышчу. Бардык маалыматтар жалпы Hot 100 хит-парадына жана анын ыкмасын колдонгон Hot Country Songs, Hot R&B/Hip-Hop Songs, R&B Songs, Rap Songs, Hot Latin Songs, Hot Rock Songs жана Dance/Electronic Songs жанрдык чарттарына жуурулуштурулат. 2013-жылы старт алган The Hot 100 рейтингин түзүү формуласы сатык (35-45%), радиобо (30-40%) жана стримиң (20-30%) маалыматтарына негизделген. Андыктан, пайыздык ара катыш ар апта өзгөрүп турушу мүмкүн.

Шилтемелер түзөтүү