Аалы Карашев

Кыргызстандык саясатчы

Карашев Аалы Азимович (30. 10. 1968-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айылы) – мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Айыл чарба илимдеринин кандидаты. 1991-жылы К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1995-жылы аспирантурасын бүтүргөн. 1995–96-жылдары ошондой эле окуу жайында окутуучу, 1996–98-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын башкы адиси, 1998–2007-жылдары КР Президентинин Администрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, 2007–09-жылдары Ош областтык мамлекеттик-администрация башчысы-губернатору, 2009–10-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри-Өкмөттүн аппарат жетекчиси, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында бөлүм башчы, Премьер-министрдин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын 1-вице-премьер-министри. 30дан ашуун илимий эмгектин автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү