Абабийл (Абабиль) - Куранда бул сөз пил жылындагы Меккени курчап алган эфиопиялык колбашчы Абраханын аскерлерине Аллахдын каалосу менен качырып тийип, аларды жок кылган чымчыктар маанисинде айтылат. Ушул укмуштуу кубулуш себептүү эфиопалыктар шаарды ала албай, Каабаны талкалай албай калышкан. Бул окуя Мухаммед пайгамбар (с.а.в) төрөлгөнгө чейин мурдараак болгон жана бул окуя Куран аяттарында да орун алган:

"Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. 1.Сенин Эгең пил ээлерин эмне кылганын билбейсиңби? 2.Ал алардын арам ой-максаттарын ойрон кылбадыбы? 3.Ал аларга тобу менен куштарды жөнөтпөдүбү? 4.Ал куштар тигилердин үстүнө бышкан чопо таштарды ташташты. 5.Ошентип, аларды чайналган эгиндей кылып салды."(Куран:105,1-5)


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. -Ансар, 2007. -400 стр. -ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер түзөтүү