Абака (лат. abacus, грек. abax – такта) – капителдин негизги, аны бүткөрүп  турган бөлүктөрүнүн бири. Төрт кырдуу плита түрүндө болот; төмөн жагынан архитравга ыктоо менен А. жогору жактан антаблементтин оордугун бүт өзүнө алган сыяктуу жана аны түркүктөргө (колонналарга) берет. Классикалык архитектурада А. өзүнө ырааттуу иштелип чыккан формаларды кабыл алды, бирок анын эң жөнөкөй варианттары Байыркы Чыгыш, орто к-дык архитектуранын (т. а. Байыркы Рустун) тектоникалык системаларында бар. Тоскана, дорида жана ионик ордерлеринде А. туура квадратты берет, ал эми коринф, композит ордерлеринде – чекелери ийилген квадрат жана эреже катары, бурчтары кыйгач болот. Мындан сырткары, профилдери менен да айырмаланат: грек – доридалык ордерде бул жылма вертикаль (алкак), тосканалыкта – кээде үстүнөн текчелер кошулган вертикаль, рим–доридалыкта – үстүнөн алкак, такача менен татаалдаштырылган вертикаль, ионик ордерлеринде – алкак такасы м-н; коринф жана композиттик ордерде татаал профилден турат. А. орнамент менен сейрек кооздолот жана анын коринфтик вариантында гана ар бир каптал жагында, адатта бирден гүл орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү