Абана кондициялоо — жабык имараттарда, транспортто адамдардын саламаттыгы, технологиялык процесстердин жүрүшү, жабдуулардын иштеши, маданият жана искусство байлыктарын сактоо үчүн техникалык каражаттын жардамы менен керектүү шарт түзүү жана аны бир калыпта кармоо. Ага таза аба чөйрөсүнүн температурасын, салыштырма нымдуулугун, газдын составын, аба басымын жана анын кыймыл ылдамдыгынын эң ыңгайлуу параметрлерин түзүү менен жетишилет. Абана кондициялоо системасы да абаны чаңдан тазалоо, жылытуу, муздатуу, кургатуу, нымдоо, абаны алмаштырууга, ошондой эле аларды автоматтык жөнгө салуу, башкарууга ылайыкталган жабдуулары бар. Айрым учурларда Абана кондициялоо системаларынын жардамы менен одорация (абага жыттуу заттарды чачыратуу), дезодорация (жагымсыз жыттарды кетирүү), ионизация (ион составын жөндөө), ашыкча көмүр кычкыл газын чыгаруу, кычкылтек менен байытуу ж. б. жүргүзүлөт. Абана кондициялоо үчүн өнөр жай түрдүү аппараттарды, каражаттарды (желдеткич, нымдаткыч, абаны иондоштургучтар, дезодоранттар) чыгарат. Турак жайда абанын температурасы кышында 19—21°, жайында 22 — 25° жылуу, абанын нымдуулугу 60— 40%, аба кыймылынын ылдамдыгы 30 см/сек болгону ылайык. Кондиционер орнотулган бөлмө менен кондиционер жок бөлмөнүн температурасынын айырмасы 8—12°тан ашпоого тийиш; температурадагы чоң айырма ден соолукка зыян келтирет.

Имараттын сыртындагы кондиционерлер

Кондиционер түзөтүү

Кондиционер (латынча condicio – шарт, абал) – имараттын (же башка жабык жерлердин) ичине берилген абаны айланышына жараша белгилүү температурада жана нымдуулукта жөнгө салып туруучу түзүлмө. Кондиционер автономдуу (муздаткыч машинасы жана аба жылыткычы бар) жана автономдуу эмес (жылуулукту жана муздактыкты сырттан, ал эми абаны борбордук Кондиционерден алган) болуп айырмаланат. Бул система өзүнө муздаткыч, ысыткыч, нымдаткыч, кургаткыч, аба чыпкасы жана шыкагыч желдеткичти камтыйт. Аба имараттын ичине жайгаштырылган киргизүүчү система аркылуу бөлүштүрүлөт жана иштелген аба кайра айлантып киргизүүчү система аркылуу кайра колдонулат. Адам өзүн жакшы сезип, дем алуусуна жакшы шарт түзүлөт. Ысык климаттуу жерде, күнөс жайларда Кондиционерди колдонуу туруктуу жана чоң энергия талап кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү