Аба ырайы — белгилүү бир убакта же учурда бир аймактагы атмосферанын абалы, атмосферанын космос жана жер бети менен өз ара аракетинен пайда болгон физикалык процесс. Адам баласы — табиятты үйрөнүп билүүгө байыртадан эле умтулуп келген. Адамдын ар бир нерсени баамдоого, баалоого, аңдоого багытталган кудурети адамзаттын бүткүл рухий жана материалдык прогрессинин өзөгү болуп эсептелип, алардын чыныгы (бул) дүйнөнү таанып-билүү аракеттери тарыхый өнүгүүнүн ар кандай этаптарында түрдүү жолдор менен ишке ашырылган. Мунун өзү аларга билим түшүнүктөрүн өздөштүрүүнүн өзгөчө ыкмаларын жараткан.

Маданият түзөтүү

Элдеги эзелтен бери кеңири орун алган уламыш, санжыра түрүндөгү жана башкалар фольклордук материалдар дал ушуну ырастайт. Кыргыз эли дээрлик мал чарбачылык менен оокат кылгандыктан жакшы жайыт издеп, көбүнчө тоодон тоого көчүп жүрүп, кара нөшөр жамгырга, мөндүргө, кар аралаш бороон-чапкындарга далай дуушар болушкандыгы «Манас» эпосунда : Асмандан булут айланып, Ачып көздү жумганча, Айдын көзү байланып, Жылдыздын баары жабылды, Жылгадан туман табылды. Тоодой булут толгонуп, Бөксөдөн булут бөлүнүп, Кыбыладан күркүрөп, Кызыл мунар көрүнүп, Көнөктөгөн немедей, Көктөн көк кашка мөндүр төгүлүп, Арыктын баары жыгындап, Аңдын баары тыгындап, Асмандан алты сай мөндүр шыбыргак, Борошосу бургулап, Адамдын башын көтөртпөй, Аркы-терки ургулап (Сагымбай Орозбаков, 4. 261), — деп ачык жана кеңири сүрөттөлөт. Айрыкча эрте жазда капысынан боло калчу кара тоңголокто малдын көп кырылышына, ылаң оорулардын таралышына алып келген. Борошолоп, бургулап, Караганга өлчөөсүз Каршы-терши ургулап, Тоолорго толук кыш болду, Жакага жалтыр муз болду. Адам, малдын баарысын Оору, сыркоо каптады Арык-торук малдарды Аяз менен өлтүрдү (Сагымбай Орозбаков, 4. 158).

Ушундай шарттарда кыйын абалда калган эл табияттын мындай көрүнүштөрүнө каршы турууга, башкача айтканда жаратылышта дайыма болуп өтүүчү табышмактуу, каардуу кубулуштарга көңүл буруп, алардын сырын ачууга аракеттенишкен. Эл илгертен эле А. ы-нын бузулушун же тескерисинче, анын оңоло баштаганын айгинелөөчү белгилерге байкоо жүргүзүп, аларды жыйынтыктап, корутунду чыгарышкан. Бул өнөрдү жакшы өздөштүрүп билүү, адамдан өзгөчө бир шыктуулукту, жөндөмдүүлүктү талап кылган. Ушундай сапаттарга ээ болгон зээндүү адамдарды «олуя киши» же көп учурда жөн эле «эсепчи», «жылдыз саноочу», «жайчы » деп коюшкан. Элдин арасынан эсепчилердин пайда болушу — бул күндөлүк турмуштагы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. А. ы-н болжолдоого эсепчилер эң алгач элдик жыл аттарына таянган жана илгертен эле ар бир жылдын өзүнө тийиштүү белгилерин аныкташкан. Маселен, «коён» жылы — кыш мелүүн, ал эми «доңуз» жылы — кыш ызгаардуу, «жылан», «мечин» жылдары — жай ысык, кургакчыл келсе, «кой» жана «уй» жылдары — жаанчыл болуп, чөп, эгин жакшы чыгат жана башкалар деп түшүнүшкөн. Жылдыз саноочулар А. ы-н аныктоодо айрыкча жылдыздардын (планета деп бөлгөн эмес) кайсы мезгилде жана кайсы тараптан, кандай абалда көрүнөрүнө көп көңүл бурушкан. Ошондой эле Ай, Күндүн тегерегинде пайда боло калуучу алкактарга да көз жүгүртүшкөн. Бул жагдай, албетте, алда канча тагыраак жыйынтык чыгарууга шарт түзгөн. Ушуну менен бирге алар шамал жана булуттун багытына, жылыш ылдамдыгына, келгин куштардын кайсы учурда жергебизге учуп келишерине жана күзүндө кайрадан жылуу өлкөлөргө кайтышарына, бакма, жапайы айбандардын, жөргөмүш, чымын-чиркей сыяктуу жандыктардын жүрүм-турумуна, өсүмдүктөрдүн сырткы түрлөрүнүн кескин өзгөрүп кетүүлөрүнө тынымсыз байкоо жүргүзүүдөн А. ы-нын бир жумалык, ал түгүл бир нече айлык прогнозун түзө алышкан. Эсепчилердин күн мурунтан болжолдоп айткандары жөн эле курулай жоромолдоого же төлгө ачууга негизделбестен, метеорологиялык фактыларды тыкандык менен салыштырып, аларды өз ыкмалары аркылуу талдоонун белгилүү даражада туура жыйынтыгы болуп эсептелет. Мында элдик эсепчилер көпчүлүк учурда турмушта негизинен көп ирет кайталанган жана далилденген, ошого байланыштуу өздөрү иштеп чыккан ыкмага таянышкан. «Манас» эпосунда Алмамбет баатыр гана болбостон, чоң жайчы болуп, зарыл учурда ал өзүнүн жайчылык өнөрүн колдонгон. «Көкөтөйдүн ашында» чабыла турган аттардын саны 2 миңге жеткенде Манас баатыр акыры эмне менен бүтөрүн билип мыктылардын мыктылары чабылышы керек деген ой менен А. ы-н өзгөртүп, алсыз, начар тобурчактардан кутулуу амалында Алмамбетти «катыра күндү жайлап көр» деп кайрылат: Алмамбет жайга киргени Нурку асылы кытайдан, Өнөр алган ал жайдан Касийдадан кат окуп, Калмакча кара дуба жат окуп, Барайыздан бат окуп, Бачымырак жат окуп, Тегерете терс окуп, Кытайча дуба нече окуп, Сурданып Алмаң калганы Сууга жай таш салганы (Сагымбай Орозбаков, 3. 150), — деп Алмамбеттин жайчылык өнөрү аркылуу А. ы-н өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ экени көрсөтүлөт. Эпосто жайчылыктын чагылдырылышы табият кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон иш-аракеттин көркөм көрүнүшү болуп саналат, к. Жайташ, Жайчы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү