Абдурашид Абдукадыров

Абдукадыров Абдурашид‎»‎ барагынан багытталды)

Абдукадыров Абдурашид (1919, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак кыштагы 1978, ошол эле жерде) айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучулардын бири, Социалистик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1935-ж. «Москва» айыл чарба артелинде катардагы колхозчудан баштаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1946-жылдан колхоздун башкы бухгалтери, 1959-жылдан Сузак районундагы «Москва» колхозунун башкармасынын төрагасы. Ал жетектеген колхоздо пахтадан көп жылдар бою жогорку түшүм алынып, чарбанын экономикасы чыңдалган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.