Абдулла ибни Амр ибни ал-Ас

Абдулла ибни Амр ибни ал-Ас (65/684-ж. өлг.) – Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ белгилүү сахабаларынын бири, мусулман укуктаануучу. Меккеде төрөлгөн. Амр ибни ал-Астын уулу болгон.

Өзүнүн такыбалыгы менен айырмаланган. Көп убакытын намаздарга жана орозолорго бөлгөн.

Өмүр баян түзөтүү

Исламды кабыл алгандан кийин, мусулмандар менен алардын душмандарынын ортосунда болгон көп согуштарга катышкан.

Төртүнчү халиф Алинин   башкаруу мезгилинде ал, өзүнүн атасы менен кошо, Сиффиндеги салгылашта анын каршылашынын лагеринде болгон. Бирок салгылашка тикеден-тике катышкан эмес, анткени, бул анын бардык бул окуяларга болгон бейтараптыгы болчу. Ал эч качан мусулмандарга каршы курал көтөрбөгөн.

Абдулла ибни Амр ибни ал-Ас   Мисир шаары болгон Фустатта 72 жаш курагында көз жумган.

Илимде түзөтүү

Абдулла   өз мезгилинин эң сабаттуу адамдарынын бири болгон. Ал хадистерди жакшы билген жана айтып берген, «ас-Сахифа ас-Садика» деген китепке жазып калтырган, үйрөтүүчүлүк ишкердиги менен алектенген. Арабчаны мыкты билгендиги менен катар эле, ал эскиеврейче жана сирий тилин билген.

Колдонулган булактар түзөтүү

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар