Абдулла ибни Салам (22/643-ж. өлг.) – Мухаммед пайгамбардын сахабаларынын бири, муруңку жөөт ыйыкчысы. Исламды кабыл алганга чейин аны Хусайн ибни Салам дешкен. Мадинада төрөлгөн.

Адамзатка акыркы пайгамбардын келгендиги тууралуу ал Тоорадан билген. Мухаммеддин пайгамбарлыгы жөнүндө уккан, бирок ал менен таанышканга мүмкүнчүлүгү болбой жүргөн. Пайгамбардын Мадинага болгон хижрасынан кийин, Хусайн ага барып, келе тургандыгы тууралуу эски жөөттүк булактардан билген пайгамбардын өзү экендигин тааныган. Ушундан кийин ал Исламды кабыл алды жана пайгамбардан алыстабады. Мухаммед пайгамбар аны Абдулла ибни Салам деп атады.


Абдулла ибни Салам сабаттуу адам болгон жана өзүнүн бүт жашоосу бою диний илимдер менен алектенген. Ал 25 хадистиин айтып берүүчүсү болгон. Халиф Абубакрдын башкаруу тушунда динден кайткандарга каршы согуштарга катышкан.

Колдонулган булактар түзөтүү

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар