Абиссаль түздүктөрү - океан жана деңиз чуңкурдуктарындагы жайык түз жерлер. Абиссаль түздүктөрү Дүйнөлүк океан таманынын ¾, Жердин аянтынын ⅓ (270 млн. км2 ) бөлүктөрүн ээлейт. Морфологиялык түзүлүшү жагынан тайпак жана дөңсөөлүү болуп 2 типке бөлүнөт. Тайпак абиссаль түздүктөрү океан чуңкурдугунун чет жагына, деңиз ойдуңунун борбордук бөлүгүнө туура келет. Мындай түздүктөр өтө тегиз келип, алардын ар кайсы жерлеринде жанар тоодон пайда болгон дөбөлөр кездешет. Тайпак абиссаль түздүктөрү Атлантика океанында көп (Хаттерас, Биская, Ангола жана башка). Дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрүнүн рельефи татаал. Түздүктүн бети дөңсөөлүү, жалчалуу келет, борпоң, чөкмөлүү ойдуңдары бар. Ой жерлердин тереңдиги 500мден 1000мге чейин жетет. Мындай түздүктөр Тынч, Инди, Атлантика океандарына мүнөздүү.

Hydrolagus sp. жана Абиссаль түздүктөрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1