Абразия (лат. abrasio кыруу, жышуу) деңизде, көлдө жана ири суу сактагычтарда толкун менен шарпылдактын таасиринен жээктердин жемирилип бузулушу. Абразиянын тездиги толкундун күчүнө, жээктеги тоотектердин курамына байланыштуу. Абразиянын натыйжасында жээкте абразиялык (жемиринди) тектир менен жар (клиф) түзүлөт. Айрым учурда жээк жемирилип отуруп кашаты тегизделип, жайык формага өтөт. Тоотектердин абразиядан пайда болгон кесек сыныктары, кум, чопо жана башка толкун менен шиленип, суу түбүндөгү абразиялык жантаймалардын этегине чогулуп, аккумуляциялык кашатты пайда кылат.

Абразия (Польша).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1