Абстрактуулук(лат. abstractio – алагды кылуу, башкача буруу) – таанып билүү процессинин моменттеринин бири; изилденип жаткан нерсенин бир катар анчалык маанилүү эмес белгилеринен, байланыштарынан ой жүзүндө четтеп, анын негизги, жалпы белгилерин байланыштырып бөлүп чыгаруу. Абстрактуулук натыйжасы түшүнүк, категориялары эсептелет. Мисалы: материя, кыймыл, өнүгүү, мыйзам, нарк ж. б. илимий кыскаруунун маңызы, биз алардын жалпы белгилерине жараша көпчүлүк, ар түрдүү сезимдик кабылдануучу буюмдарды аңдайбыз. Диалектикада Абстрактуулук болгон бир жактуу, жарды, өнүкпөгөн конкреттүү өз ара байланыштуулуктан жулуп алынган ага карама-каршы мааниге далай ирет ээ болот. Бул жерде Абстрактуулук конкреттүүнүн моменти, жагы, фрагменти катары чыгат. Ой жүгүртүү жана түшүнүк жалпы эле таанып билүүнүн жүрүшүнөн, практикадан, предметтик чындыктан обочо болгондо гана «абстрактуу».

Бул жактан да карап көрүңүздөр: түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү