Абсурд - (лат. ab surdus маанисиз) мазмундун маанисиз, сандырактыгы. Абсурддун маанисин кеңейтүү аны өзгөртүп түшүнүүгө, жаңы чектерин белгилөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, антикалык философияда абсурд реалдуу предметтер менен дал келишпеген, логикалык мыйзамдарды бузган, категорияларды чаташтырган, алмаштырган сөздөр менен байланыштырылган. 19-20-кылымдарда логикада жана гносеологияда логикалык актылардын «предметтүүлүгүн» жана «предметсиздигин» айырмалоодо сюрреалисттик (реализмден артык) искусство, абсурд театры, абсурддук поэзия, абсурддук кино, абсурддук көркөм адабият жөнүндө жана онтология (болмуш илими) боюнча дүйнөнүн иррационалдуулугу, болмуштун абсурддугу, адам менен дүйнөнүн трагедиялуу келише албастыгы жана байкалып-билинген абсурддар жөнүндө сөз болуп келген. Коом өркүндөп өнүккөн сайын абсурд азаят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1