Абсцесс (лат. abscessus ириң) - ткандагы же органдагы сезгенүүдөн пайда болгон ириңдөө. Ириңдетүүчү микроорганизмдер (стафилакокк, стрептококк жана башка) жараланган тери, чел аркылуу организмге кирип, же айрым органдарга (мээ, боор, өпкө жана башка) лимфа, кантамырлар аркылуу таралат. Канга кирген микроб аны сезгентип, ириңдетет, ткандар бузулуп, ириң көңдөйү пайда болот. Абсцесс өзү эле же башка бир оорунун кабылдоосунан пайда болушу мүмкүн. Теридеги же былжыр челдеги абсцессте ал жер кызарып шишийт, ысыйт, лукулдап ооруйт, дененин температурасы да көтөрүлөт. Ал эми терең жайгашкан абсцессте ошол органдын иши бузулат, дене ысыйт, ооруйт. Организмдин коргонуу реакциясынын натыйжасында ириңдеген жердин айланасында жараланбаган ткандан чектөөчү жука челкабык пайда болот. Күчөгөн абсцессте ириң көңдөйүнө ириң тез толуп, чел жарылып, ириң териге, ички орган көңдөйүнө (ичеги, карын, бронхтор жана башка) тээп чыгуу менен андагы жабыркоо басаңдайт да, ириңдеген жер айыгышы мүмкүн. Бирок бардык учурда эле ириңдеген жер айыгып кетпейт, анткени ириң жарылганда айланасындагы ткандарга тарап, ириңдүү сезгенүүнүн жайылышына, флегмонага, ал гана

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1