Абударда (Абу ад-Дарда) (араб. أبو الدرداء; белгисиз, Мадина[[Category:Script error: No such module "ky". туулгандар]] — 653, Александрия[[Category:Өлгөндөр в Калып:Пишпек]] 32-ж.) – Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ атактуу сахабаларынын бири, Курандын, хадистердин жана мусулман укугунун билгичи. Чын аты Уваймир ибни Малик ал-Хазражи. Мадинада төрөлгөн, Хазраж уруусунан чыккан. Исламды хижранын экинчи жылында кабыл алган.

Абу ад-Дарда
(араб. أبو الدرداء)
Туулгандагы аты: Уваймир ибни Малик ал'-Хазражи
Өлгөн: 653, Александрия[[Category:Өлгөндөр в Калып:Пишпек]] х. 32-ж.
Улуту: араб
Согуштары: Ухуддагы салгылаш ж. б.
Атасы: Малик ал'-Хазражи

Өмүр баян түзөтүү

Абу ад-Дарда соода менен алектенчү, бирок Исламды кабыл алгандан кийин ал бул ишти таштап койгон. Ал аскеттик (дүнүйөдөн ажыраган) жашоо жолун өткөргөн жана өз күндөрүн намаздар менен өткөргөн. Ухуддагы салгылашка жана Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ жашоосунун мадиналык доорунда болуп өткөн бардык башка согуштарга катышкан.

Халиф Умардын   башкаруу тушунда ал сунушталган мамлекеттик кызматтан баш тарткан жана адамдарды Исламдын негиздерине үйрөтүүнү туура көргөн. Бирок кийин ал Сириянын казысы болгон. Халиф Усмандын   башкаруу тушунда өлгөн.

Колдонулган булактар түзөтүү

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар