Абулкайыр, Абулкайыр Мукамбетказы Бахадурхан (1693-12. 8. 1748) - казак ханы жана кол башчы. 1710-ж. Кичи жүздүн ханы болуп шайланган. Абулкайыр казактар менен калмактардын арасындагы өзара мамилелер өтө курч деңгээлге жеткендиктен, 1716-18-ж. Россия империясынан жардам алуу максатында Сибирь губернатору М. П. Гагаринге, Уфа воеводасына кат жазып, казактардын абалын оңдоого аракет жасаган. 1723-жылга чейин Түркстанда жашап, андан жунгарлар кууп чыккандан кийин Бухара ж-Хива хандыктарынын чегарасындагы казак урууларына конуш которгон. 1726-ж. элдик жыйында жунгарларга каршы түзүлгөн казак колуна башчы болуп шайланган. Буланты өзөнүнүн боюнда (1728) жана Аңыракайдагы (1729-30) салгылаштарда колбашчылык жөндөмүн бөтөнчө көрсөткөн. Казак хандары менен султандардын ичара чыр-чатактары, ошондой эле тышкы душмандардын кол салуу коркунучунан улам Россия империясы менен жакындашууну көздөгөн Абулкайыр өз элчилерин Петербургга жөнөтүп, жооп иретинде ал тараптан да элчилер келген. Натыйжада 1731-ж. А. Кичи жүздүн султандары, эл жакшылары, ошондой эле Орто жүздүн айрым султандары менен бирге Россия империясынын курамына киргендиги тууралуу ант берген. Ал эми орус бийлиги болсо аларга аскердик жардам көрсөтүү жана коргоо милдетин алган. Натыйжада 1741-42-ж. жунгарлардын Кичи жана Орто жүзгө тийиштүү аймактарга кайрадан басып кирүүсү орустардын кийлигишүүсү менен токтотулган. Ошол эле учурда Абулкайыр өзүнө көз каранды элдердин өз алдынча Россия менен мамиле түзүшүнө каршы болгон. Ал орус императрицасы Елизавета Петровнага Россиянын курамына кошуп алуу өтүнүчү менен кайрылган каракалпактарга 1743-ж. кол салып, алардын көпчүлүгүн жаңы жерлерге күч менен жер которууга аргасыз кылган. Орус бийлиги менен мамилесин үзбөй, ошол эле учурда жунгарлардын башчысы Галдан Церен менен астыртан байланыш түзгөн. Жунгарлар алсыраган сайын ал Россиядан оолактоого аракет кыла баштаган. 1740-ж. Хиваны басып алып, анда хан аталган. Бирок Иран шахы Надирдин кысымынан улам Хиваны таштап кетүүгө аргасыз болгон. Абулкайыр Орто, Кичи, Улуу жүздүн эл башчылары, кадырлуу билермандары, баатырлары менен тыгыз байланыш түзгөн. Өзүнөн биртоп кичүү, бирок эл арасында аброю өсүп келе жаткан Абылай менен жакын мамиледе болуп, бир кызын ага күйөөгө берген. 1737-38-ж. башкыр элинин оторчул эзүүгө каршы көтөрүлүшүн басууга катышуусу эки элдин ортосундагы карым-катнашты бир кыйла татаалданткан. Абулкайырдын кыйлага тараган атагы, өз алдынчалыгы айрым казак султандарында ич күйдүлүктү туудурган. Алардын бири Орто жүздүн султаны Барак Ор чебинен кайтып келе жаткан Абулкайыр менен ээн жерде кездешип калып, аны жанындагы шериктери менен кошо өлтүрүп салган. Абулкайырдын бейити Торгой шаарына жакын жерде. Ал жер кийин Хан бейити аталып калган. Абулкайырдын орус бийлигине баш ийиши менен Казакстандын Россиянын курамына кошулуу процесси башталган жана анын иш-аракеттери келечекте бирдиктүү казак мамлекетинин түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө өбөлгө болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1