Авар тили - Дагстан, Түндүк Осетия жана Азербайжанда жашаган аварлардын тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагстан тобуна кирет. Авар тили түштүк жана түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-ж. латын графикасында алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. Авар тили андий, цэз элдеринин жана арчиндердин улут аралык катнаш жана мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 785 миң адам сүйлөйт (2002). 20-кылымдын 30-жылдарында авар тилинин өнүгүшүнө Дагстан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14-046—1