"Август: Осаж аймагы" (англ. August: Osage County, орус. Август: Графство Осейдж) - Трейси Летс жазган жана ошол эле аталыштагы "Pulitzer" сыйлыгын жеңген драмага негизделип, Жон Веллс тарткан Американын комедиялуу драма тасмасы. Тасманын продюсерлери Жорж Клуни, Грант Хеслов, Жин Доуманиан жана Стив Трекслер.

Тасмада тартылгандар: Мерил Стрип, Жулия Робертс, Эван Макгрегор, Крис Купер, Абигейл Бреслин, Бенедик Кумбербач, Жулиет Левис, Марго Мартиндейл, Дермот Мулрони жана Жулиана Николсон. Тасмада үй-бүлө башчысынын (Сэм Шеферд) капыстан жоголуп кетиши жана андан кийин ынтымагы жок үй-бүлө мүчөлөрү коломтого чогулганы тууралуу окуялар баяндалат.

Орто деңгээлдеги кирешеге ээ болгон "Август: Осаж аймагы" ар тараптуу жакшы сын-пикирлерге арзыган. Бирок актердук топ менен сценарийине жогору баа берилсе да, кээ бири тасманы абдан караңгы жана тамашасы аз болуп калганын айтышкан. Тасмадагы ролдору үчүн Стрип менен Робертс "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамдарына көрсөтүлүшкөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү