Авиамоделизм

техникалык чыгармачылыгынын түрү

Авиамоделизм - техникалык же спорттук максатта учуучу аппараттардын, анын ичинде ракетанын моделин конструкциялоо жана түзүү. Техникалык авиамоделизм учуучу аппараттарды куруунун илимий-техникалык тажрыйбаларынын маанилүү маселелерин чечүүгө жардам берет. Орус ойлоп табуучусу А. Ф. Можайский 1-самолёт курууга анын моделинин (1876-77) учуу шарттарын изилдөө менен жеткен. Н. Е. Жуковский авиамоделдерди учуруу менен нерсенин абадагы кыймылынын законун ачкан. Азыркы учурда да тажрыйбалык самолётту жасоо үчүн, анын кичинекей модели аэродинамикалык түтүктө изилденип, мүнөздөөчү сапаттары аныкталат. Спорттук авиамоделизм — спорттун кеңири тараган техникалык түрү. Техникалык жактан жакшы моделдердин учуу ылдамдыгы 100 км/ска, учуу убактысы бир нече саатка жана аралыгы жүздөгөн кмге жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1