Австриялыктар (өздөрүн Österreicher эстеррайхер деп аташат) эл, Австриянын жергиликтүү калкы. АКШ, Италия, Германия, Канада, Аргентинада да жашашат. Жалпы саны 10 млн киши (2000), анын 7400 миңи Австрияда. Немис тилинин жергиликтүү диалектинде сүйлөшөт. Австралиялыктардын этностук негизин байыркы герман уруулары (алеман, бабар, свевдер), 6-кылымда славяндар (словен), ошондой эле кельт, рет, иллирийлер түзөт. Дини католик. Австралиялыктардын көпчүлүтү шаарда жашап, өнөр жайларда иштешет. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесиптенишет. Жогорку жана Төмөнкү Австрияда немец, Тиролдо жана тоолуу райондордо альпы (2 кабаттуу, алды таш, үстү жагы жыгачтан), Форарльбергде алеман тибиндеги (жыгачтан), айрым жерлерде топурактан согулган, үстү саман менен жабылган үйлөрдү мкурушкан. Улуттук кийими желети менен ак көйнөк, эркектер кыска булгаары шым, куштун канаты тагылган шляпа, аялдар бүйүрмөлүү юбка кийишет. Австралиялыктар негизинен сүт азыктарын, ошондой эле ун азыктарын пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1