Автотомия - (авто... жана грекче.tome кесүү) кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «Автотомия» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). Автотомия омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мисалы, актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда автотомия органдын белгилүү бир жеринде болот. Мисалы, кескелдириктин Автотомиясын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуңу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаңысы» өсүп чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1