Агат - (фр. аgate, лат. achates) Сицилия аралындагы байыркы Ахатес дарыясынын атынан) минерал, халцедондун бир түрү. Катталышкан түрдүү түстөгү жука (10 мкмге чейин) жикчелерден тургандыктан, ар кандай өңдө кубулжуп көрүнөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,0-6,5. Жикчелердеги түстөрдүн айкалышына жараша оникс (ак менен кара), карнеолоникс (кызыл менен ак), сардоникс (кызгылт күрөң менен ак), агат (көгүлтүр боз менен ак) деп аталат. Жанартоо тектеринин көңдөйчөлөрү менен жаракаларында пайда болот. Кооздук жана асылташ катары, ошондой эле техникалык аспаптарды даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1