Агрегаттык абал - бир эле заттын ар кандай (мисалы, катуу, суюк, газ жана плазма) түрдө болушу. Зат бир абалдан экинчисине өткөндө анын физикалык касиеттери (тыгыздыгы, ички энергиясы, энтропиясы ж. б.) кескин өзгөрөт. Көпчүлүк заттар көбүнчө катуу, суюк жана газ абалында болушу мүмкүн. Заттын агрегаттык абалы физикалык шарттарга, негизинен басым менен температурага көз каранды. Мисалы, суу нормалдуу басымда р=101325 Па = 760 сымап мамычасы менен жана 7=273,15 К температурада музга айланат. Заттын Агрегаттык абалынын өзгөрүшү молекулалар ортосундагы аралыктын жана өз ара аракеттешүүнүн (тартылуу жана түртүлүү күчтөрүнүн) өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт. Газ молекулаларынын ортосундагы аралык өтө чоң, молекулалар өз ара дээрлик аракеттенишпей эркин кыймылда болуп, берилген көлөмдү толук ээлешет. Суюк жана катуу абалдагы заттардын молекулалары (атомдору) бири-бири менен өтө жакын жайгашып, алардын өз ара аракеттешүүсү да өтө күчтүү болот. Ошондуктан зат катуу жана суюк абалда белгилүү көлөмдү ээлейт. Бирок заттын молекулалары (атому) суюк жана катуу абалда ар башка мүнөздөгү кыймылда болуп, алардын физикалык касиеттеринин жана түзүлүшүнүн ар кандай болушун түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1