Агронулоцитоз - кандын курамындагы нейтрофиль ак кан денечелеринин өтө азайышынан же таптакыр жоктугунан болуучу кан оорусу.

Агронулоцитоздун пайда болушуна түрдүү жугуштуу оорулар, авитаминоздор, кан пайда кылуучу системалардын оорусу, чучукка хим. заттардын таасири, иондоштуруучу нурлануу, ошондой эле кээ бир дарыларды (амидопирин, сульфаниламид, антибиотик ж. б.) көп пайдалануу себеп болот. Мындай учурларда организмде ак кан денечелерине каршы антитело пайда болуп, аллергиялык реакция жүрөт. Сөөк чучуктарында ак кан денечелеринин пайда болушу бузулат.

Агронулоцитоздун катуу кармаган, өнөкөт жана мезгили менен болуучу түрлөрү бар. Катуу кармаган түрүндө оорулуу өзүн начар сезип, денеси ысып, эринге учук чыгат. Бул учурда Агронулоцитозду лейкоз оорусу менен алмаштырып, жаңылыш аныкталуусу ыктымал. Ооруну дарылоодОшондой эң негизги милдет — аны пайда кылуучу факторлорду жок кылып, азайып кеткен ак кан денечелерин толуктоОшондой Оорунун катуу түрүндө гормон дарылары пайдаланылат, А-ду туура аныктап, өз убагында дарылоодон толук айыктырууга болот.

Шилтмелер түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8