Агым – (агын) суунун нук менен агуу кыймылы. Жер бетине түшкөн жаан-чачындан, кар жана мөңгүнүн эришинен пайда болгон суулар эңкейишти карай сарыгып агып, бирине бири кошулуп, улам чоңоюп олтуруп, туруктуу нукка куюп, агын сууларды пайда кылат. Агын суулар бири бирине кошулуп, дарыяны жаратат. Дарыя көлгө, деңизге, океанга куят. Бул процесстер агымдын пайда болуу же агым калыптануу процесси деп аталат. Убакыт бирдиги ичинде (жыл) агып келип, океанга кошулган суу да «дарыя агымы» деп аталат. Ал эми суунун нук аркылуу агуу кыймылын «агын» деп атоо ылайык.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1