Адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу

Адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу (АИЖВ - ВИЧ) - иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС - СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-ж. Париждеги Л. Пастер атындагы илимий-изилдөө институтунун профессору Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү менен ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда профессор Галло жана жардамчылары бул вирусту ИЖОС менен ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ - татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК менен ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, генетикалык маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-ж. анын жаңы түрлөрү - мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өзара генетикалык белгилери менен айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D жана башка) менен аталат. Жыныс жолу менен жугузгандарда көбүнчө В-субтиби кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана-чөйрөнүн шартына чыдамсыз, жылуу жерде 10 - 30 мин гана жашайт. Чөйрөнүн темп-расы 56°тан жогорулаганда өлөт. Химиялык заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылткөк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организминде гана жашоого, көбөйүүгө жөндөмдүү. Адамдын каны, лимфа суюктугу, эркектин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктуктары вируска жагымдуу шарт болуп, анын таралышында мааниси зор. АИЖВ адам иммунитетин тейлөөчү кан клеткалары менен азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоциттерге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. Натыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жоготот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммундук системанын “кыйрашына” алып келет.

ВИЧ.
ВИЧ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1