Адаптация (латын сөзүнөн- ыңгайлаштыруу) – текстти жеңилдештирүү, жөнөкөйлөштүрүү. Aдабият окуу китептеринде сунуш кылынган тексттердин көпчүлүгү окуучулардын курак өзгөчөлүгүнө, алардын кабыл алуусуна ылайык женилдештирип, кимдерге арналгандыгына карай ыңгайлаштырып берилет. А түгул Библиянын да балдар үчүн адаптацияланган тексттери бар. К. Мамбетакунов “Манас” эпосун жаш окурмандарга ылайыкташтырып жазып чыккан.

Адаптацияда организмдин клеткалары менен ткандарынын кээ бир тиричилик аракеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулук абалы арта баштайт. Жашоо абалынын тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өнүп-өсүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында алардан Адаптация касиеттери пайда болот.

Мисалы: сүт эмүүчүлөрдүн бири-дельфиндердин денеси узун, териси жылма, сууга тез сүзүүгө жөндөмдүү. Адаптациянын натыйжасында жарганаттын алдыңкы буттары учууга ыңгайланган. Белгилүү бир жашоо шарттардагы өзгөрүштөр өсүмдүктөрдө да көп кездешет. 19-кылымдын 2-жарымында Ч. Дарвин эволюциялык теорияны ачкандан баштап, А. организмдеги эзелтен берки процесс болбостон, органикалык эволюциянын үч факторунун (өзгөргүчтүктүн, тукум куучулуктун, табигый тандалуунун) натыйжасында пайда болгон процесс деп аталган.

Ал эми медицинада жана биология илиминде: Бардык тирүү организмдин жана алардын органдарынын жашоо чөйрөгө ыңгайлануу жөндөмдүүлүгү. Адаптация организмдин тиричилигинин нормалдуу болушун жана анын чөйрөнүн ар кандай факторлорунун; температуралык жана климаттык ( Акклиматизация), бийиктик (к. Түтөк), көп инфекциялык агенттердин иммунитеттин өзгөрүшүнө ыңгайланышын камсыз кылат. Биологиялык ритмдер Адаптация жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Жаныбар менен өсүмдүк организмдеринин жашоо шартына карата. Адаптациясы алардын биология эволюциясынын (Эволюциялык окуу) негизинде болот.

Адаптациянын көптөгөн формалары бар: клеткалардын вирустун киришине тоскоолдук кылуучу интерферонду синтездеши; ар кандай микроорганизмдердин тез көбөйүүсү; сүзүү, боору менен жылуу, учуу, жүгүрүү, тамыры менен бир жерге бекүү, дене температурасынын туруктуулугу же чөйрөнүн температурасына карата өзгөрүү жөндөмдүүлүгү; дем алуу, кан айлануу, тамак сиңирүүчү атайын системалардын болушу, чээнге кирүү ж. б. Чөйрөнүн кишиге тийгизген психологиялык, физиологиялык жана химиялык таасирлери тынымсыз болуп тургандыктан, Адаптация реакциясы ички чөйрөнүн туруктуулугун сактоого багытталган.

Кишинин Адаптациялык механизмдери өтө татаал, өзүнө таандык социалдык жана биологиялык өзгөчөлүктөр менен аныкталат. Адаптциянын мыйзамченемдерин үйрөнүүдө физиологиялык, биохимия, иммуннологиялык, психологиялык ж. б. илимдердин жетишкендиктери пайдаланылат. Киши организминин көнүгүү реакцияларынын (адаптация реакцияларынын) тез (өзүнө таандык), жай болуучу (өзүнө таандык эмес), тубаса (түрдүн эволюция процессинде калыптанган) же кийин пайда болгон (ар бир организм үчүн жекече) түрлөрү бар. Адаптациянын тубаса тез реакцияларына ооруткуч таасирлерден кол-бутту тартып алуу, оор жумуш жасоодо дем алуунун жана кан айлануунун тездеши, суукта булчуңдардын титиреши, теринин күдүрөйүшү, күүгүмдө жарыкты сезгичтиктин жана ызы-чууда угуунун жогорулашы ж. б. кирет. Булар машыгуунун натыйжасында өзгөрүүсү мүмкүн.

Адаптация процессинде адегенде организмдин функциясы бузулат, андан кийин толук эмес көнүгүү; акырында салыштырма туруктуу көнүгүү байкалат. Функциянын бузулуу мезгилинде Адаптациянын реакциялары вегетатив нерв системасынын активдүүлүгүн жогорулатат, канда гормондор көбөйөт. Бул зат алмашууну күчөтөт, клеткалардын функциялык резервдерин топтойт, мунун натыйжасында Адаптациянын тез реакциясы аракетке келет. Зат алмашуу процессинин интенсивдүүлүгүнүн узакка созулушу бир эле клетка ичиндеги механизмдердин эсебинен болуп, клетканын генетикалык аппаратынын активдүүлүгүнө жана клетканын көлөмүнүн чоңоюшуна алып келет. Ошондуктан такай оор атлетика менен машыккандар акырындап мурда көтөрө албаган оор нерселерди көтөрө баштайт, бийиктиктеги кычкылтек жетишсиздигине көнүү адамдардын бийиктөө шартындагы активдүү тиричилигин камсыз кылат.

Адаптациянын жай көнүгүү реакцияларынын натыйжасында организм, мисалы, бийиктикке, суукка, ысыкка, кычкылтек жетишсиздигине, атмосфера басымынын өзгөрүшүнө, аргасыздан болгон кыймылсыздыкка көнүгөт; оору пайда кылуучу микробдор, иондоштуруучу нурлануу ж. б. ооруткуч факторлордун таасирине туруктуулугу жогорулайт. Ар бир адам үчүн Адаптация жөндөмдүүлүгү (чеги) анын тукум куугучтугу, жашы, ден соолугу жана машыгуу көрсөткүчү менен байланыштуу. Такай машыгуу, иштөө жана эс алуу режимин сактоо, ден соолукту чыңдоо Адаптациянын диапазонун гана кеңейтпестен, ошондой эле мурдагы адаптация процессин жакшыртат. Ошондуктан гигиеналык гимнастика (зарядка) жана денени чыңдоо организмдин ооруга туруктуулугун жогорулатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү