Адвокатуражарандарга жана уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот жана башка органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын институт. Адвокатуранын алгачкы формалары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан - логографтардын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун туугандары, достору жана белгилүү патрицийлер (патрондор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды түшүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара-бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Билимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокаттар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо адвокатуранын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокаттын ролу өтө эле чектелген болсо, 13-14-кылымда Батыш Европада адвокаттык сословиелер пайда болгон. Адвокатуранын андан ары өнүгүшүнө буржуазиялык демократиялык кайра куруу процессинде адамдын негизги укугу, эркиндиги жана жарандуулугу тууралуу, ошондой эле ачык сот жөнүндөгү иштелип чыккан жоболор жана башка чоң роль ойноду. Кыргызстан СССРдин курамындагы мезгилде адвокатуранын укуктары жана милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРнын «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. Адвокатуранын тизмесинде турган адвокат КРнын бүткүл аймагында, ошондой эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. Адвокатуранын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого муктаждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү жана аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма жана башка материалдык-техникалык куралдар менен камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө жана сот органдарынын алдынала белгилеген убакыты боюнча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Республикада, облустарда, райондордо, шаарларда адвокаттар коллегиясы, юридикалык консультациялар уюштурулган. Адвокатуранын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. Адвокатура жарандардын, ишканалардын, мекемелердин, ошондой эле уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1