Аденоиддер — мурун-кулкун бездеринин өтө чоңоюп кетиши. Аденоиддер негизинен 3—10 жаштагы балдарда кезигет, ошондой эле бир жашка чейинки балдарда же жыныстык жетилүү мезгилинен жогорку дем алуу жолдорунун катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүүлөрү себеп болот.

Аденоиддердин жайгашуусу.

Алгачкы белгилери: мурун менен дем алуу начарлайт, мурундан суюктук көп чыгып, кулкунду карай агат. Балдар демейде коңурук тартып, оозун ачып, тынчы жок уктайт. Эмчектеги балдар эмчекти жакшы эме албай, курсагы тойбой ыйлаак, алсыз, оорукчан болушат. Кээде айрыкча мурун бүтүп калган учурда кулагы начар угат. Мезгили менен начар угуу, сабыры суздук балдардын маанайын пастатып, акыл-эс жагынан артта калышына себеп болот. Кичине кезинде аденоиддер пайда болгон балдар көпкө чейин сүйлөй албай, мектеп окуучулары сабакты дайыма начар өздөштүрүшөт. Күчөп кеткенде бала оозу менен дем алгандыктан оозу дайыма ачык болуп, астыңкы жаагы ылдый түшүп, мурун менен эриндин ортосундагы бүктөө түзүлөт, тиштери туура эмес жайгашып (үстүңкү кашка тиштер алдыга озуп турат), беттин кебетеси өзгөрөт («аденоиддик бет»), Чоңураак балдардын башы ооруйт, мурун менен көпкө чейин кыйналып дем алуу көкүрөктүн туура эмес өсүшүнө («тоок көкүрөк»), ичеги-карындын начар иштешине (тамакка табити тартпайт, кусат, ичи катат же өтөт), аз кандуулукка алып келет. Дарылоо канчалык эрте башталса ошончолук натыйжалуу болот. Көп учурда операция жасалат. Операция амбулаториялык шартта жүргүзүлүп, 2 сааттан кийин үйүнө жиберилет, 3 күн төшөккө жаткырып, 5—7 күн ысык жана катуу (каткан нан, сухарь ж. б.), ачуу, кычкыл, тузду.у тамак-аш жана шоколад берүүгө, чуркап ойноого, күнгө чыгууга болбойт. Баланын бөлмөсүн дайыма желдетип, нымдап тазалоо зарыл. Аденоиддердин алдын алуу үчүн дем алуу жолдорунун ооруларын өз убагында дарылап, мурун менен дем алуу кыйындаса врач-оториноларингологго көрсөтүү керек.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү