Административдик-аймактык түзүлүш

Административдик-аймактык түзүлүш — унитардуу же федеративдүү мамлекеттин субъектеринин аймактарын белгилүү бөлүктөргө: облустарга, райондорго, департаменттерге ж.б. бөлүштүрүү.

Жергиликтүү бийлик органдары ошого жараша түзүлөт жана иштейт. Алар эки баскычтуу (АКШ), үч баскычтуу (Англия, Франция), төрт баскычтуу (ГФР) болушу мүмкүн. Өтө кичинекей мамлекеттерде (Мальта, Бахрейн) административдик-аймактык түзүлүш жок[1].

Булактар түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7