Ажыкулов Рыскул - (1898, Ош облусу, Кара-Суу району, Монок кыштагы - 1982, ошол эле жерде) пахтачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыгына эмгек сиңирген устат (1958). 1931-жылдан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун пахта өстүрүүчү бригаданын бригадири. Ал жетектеген бригада 1964-ж. 130 га жердеги пахтанын ар гектарынан 35,8 цден, 1965-ж. 123 га жердин ар гектарынан 32,56 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.