Кыргызстан КВН командасы... 2013 жылдан баштап Орусиянын телекөрүүлүк "Высшая лигасында" ойноп баштады. Команда көп улуттар арасынан куралгандыктан Азия Микс деп аталган. Жана дайыма улуттар аралык ынтымак жана биримдик аттуу лозунгу менен чыгып жүрүшөт. 2012 жылы "Первая лига" аттуу Минскидеги телекөрүүлүк лигада катышып чемпион болушкан[1]. Кыргызстандын атынан Биринчи лигага ойноп чыккан биринчи команда.

Азия MIX
Лига

Жогорку лига

Өлкө

 Кыргызстан

Шаар

Калып:Өлкө желеги/Бишкек

КВН-деги жылдар

2009 жылдан баштап

Түстөр

Негизги түс-көк,андан кийин кызыл түс.

Капитан

Эльдияр Кененсаров

Курамындагы балдар
  • Ростислав Ященко
  • Данияр Болотбеков
  • Владимир Бабурин
  • Эрмек Кененсаров
  • Асхат Табалдиев
  • Дмитрий Хасис
  • Жийдеш Идирисова
  • Дастанбек Уулу Бакыт
  • Ренат Тентимишов
  • Ситора Фармонова
Жогорку лигадагы сезондору

1 (2013)

Титулдары

Биринчи лига (2012 ) чемпиону

КиВиНдер

"Алтын чоӊ КиВиН" (2016)
"Күрөң чон КиВиН" (2015)

Соц.желе. баракчасы

Фейсбук
Вконтакте

Тарыхы түзөтүү

Азия MIX" командасы Голосящий КиВиН 2016 фестивалында "Алтын чоң КиВиН " утуп, 400 миң рубль алышты.

Команда жөнүндө түзөтүү

  • Команда абдан тажрыйбалуу жана абдан таланттуу балдардан куралган. Команданын курамында Кыргызстан КВН курама командасында ойногон да балдар бар.
  • Кыргызстанда абдан популярдуу болгон "Большие люди" аттуу скетч шоунун,"KG CLUB" жана "Общага" жаштар сериалы - долбоорлорунун автору Эльдияр Кененсаров.

Команданын курамы түзөтүү

 
Азия Микс КВН командасы. Сүрөт фейсбуктагы расмий баракчадан алынган..
  • Эльдияр Кенесаров (Команданын капитаны)
  • Ростислав Ященко
  • Данияр Болотбеков
  • Владимир Бабурин
  • Эрмек Кененсаров
  • Асхат Табалдиев
  • Дмитрий Хасис
  • Жийдеш Идирисова
  • Дастанбек Уулу Бакыт
  • Ренат Тентимишов



Жетишкендиктери жана титулдары түзөтүү

  • 2012 жылы команда телевизиондук Первая лига- аттуу КВНдик лиагада ойноп чемпион болушкан..

Команданын стили түзөтүү

 
Команданын капитаны Эльдияр Кененсаров

2013 жылдын январь айындагы маалымат агенттигинде Тамашоу жана Азия Микстин берген интервьюсунда, Азия Микс командасынын капитаны Эльдияр жана команданын директору Камила Абдил эми мындан ары команда миниатюрадан баш тартышканын жарыялашкан.

Команданын Первая лига жана Высшая лигада ойногон стилдердине карап, команда биринчи чыкканды команда сцена жалпы чыгат, бирок капитансыз. Команданын капитаны оюн башталгандан кийин, бир нече мүнөттөрдөн кийин гана чыгат. Команданын аталышы эле айтып тургандай ар бир номеринде азияттык колорит бар[2].

Команданын көрсөткөн номерлери абдан креативдүү жана эстен калгыс окуялар менен коштолот. Команданын ар бир мүөсүнүн өзүнө жарашкан ролдору бар, жана ар биринин өзгөчө жагымдуу тембрлик үндөрү бар.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

  • Команданын капитаны Эльдияр Кененсаров студент кезинде КВНде ойночу, Ал эми телевизиондук КВНге 2006-жылы Казакстандын «КБТУ» командасында ойноп чыккан. Аталган командада кезинде Кыргызстан КВН командаларында ойногон Бекзат Пирматов, Жанат Керимбаев болуп чогуу ойношкон.
  • 3 апрелде Бишкекте регионалдык Ала Тоо КВН лигасынын ачылыш болуп өттү. Жаңы лиганын президенти жана редактору Эльдияр Кененсаров болду. А лиганын алып баруучусу Александр Александрович Масляков болду..
 
Ала Тоо лигасынын логотиби
«– Сизде КВН оюндарына болгон кызыгуу качан башталган?

– Өзүм 2001-жылдан баштап, студент куракта эле КВНде ойночумун. Ал эми телевизиондук КВНге 2006-жылы Казакстандын «КБТУ» командасында ойноп жүргөндө келип калдым. Аталган командада кезинде Кыргызстан КВН командаларында ойногон Бекзат Пирматов, Жанат Керимбаев жана мен болуп ойноп жүрдүк.

«КБТУдан» кеткенден кийин кайра КВНде ойнобойм го деп ойлогом. Анткени Москвада СТС каналында иштеп калган элем. Бирок кайра Кыргызстанга келип «Большие люди» долбоорун ачып калдым. Карасам, автордук жамаатта дээрлик баары КВНде ойногон балдар экен. Бирок эч кимиси чет өлкөгө чыгып, чоң турнирлерге катышкан эмес эле. 2011-жылы акча чогултуп жөн эле Сочиге барып келели деп чечтик. Ал жактан Украинанын Жогорку Лигасына өтүп кеттик. Мына ушундан ары кызыгуубуз уланып кеткен.!»
№542 22-28-март, 2013-жылы Эльдияр Кененсаровдун Супер Инфого берген интервьюсунан[3]..

Шилтемелер түзөтүү

Тиркемелер түзөтүү

  1. Команда «Азия MIX» стала победителем Первой лиги Международного союза КВН в Минскей. limon.kg. Текшерилген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2012.
  2. Эльдияр Кененсаров: «ЭЛДИН ДЕҢГЭЭЛИН ТАМАША АРКЫЛУУ КӨТӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК». Super.kg. Текшерилген күнү 22 -март (жалган куран) 2013.
  3. Эльдияр Кененсаров: «ЭЛДИН ДЕҢГЭЭЛИН ТАМАША АРКЫЛУУ КӨТӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК». Super.kg. Текшерилген күнү 22 -март (жалган куран) 2013.