Азырейил, Азраил, Израил— мусулман мифологиясындагы диний түшүнүк — жан алгыч, жан алуучу периште, ислам дининдеги негизги төрт периштенин бири (Жебиреил, Минал жана Исрафил менен тең ата). Бөлөк көптөгөн диний түшүнүктөр, касиеттүү күчтөр сыяктуу эле "Манас" эпосунда А. да жолугат: «Айбат менен караса Азырейил түсү бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 189). Уламыш боюнча А. адегенде кадимки эле катардагы периште болгон экен, бирок кудай топурактан Адам-Атаны жасай турган болгондо жердин катуу каршылык көрсөткөнүнө карабай топуракты күч менен жулуп алып барыптыр. Ошондо Алла-таала А-ди өлүмгө кожоюн кылып дайындаган имиш. Ал өтө зор, алп, көп сандаган буттары жана канаттары бар, төрт жүздүү, денеси тирүү адамдын саны канча болсо ошончо көздөр менен тилдерден турат. А. адамдардын тагдырын билет, бирок алардын ар биринин өлөр күнүн, мөөнөтүн билбейт. Кимдир бирөөнүн ичер суусу түгөнүп, көрөр күнү бүткөндө, жашоо мөөнөтү аяктап, өлөр убагы келгенде Алла-тааланын тагынын жанында өсүп турган дарактын күнү бүткөндүн ысмы бар жалбырагы үзүлүп каалгый учат. Мына ошондон соң А. кырк күндүн ичинде ал кишинин жаны менен денесин бири биринен ажыратууга, башкача айтканда жанын алууга милдеттүү. Такыбалардын жанын абайлап, кыйнабай тартат, ал эми күнөкөрлөр менен капырлардыкын кыйнап туруп сууруп алат. Адам баласы ар кандай ыкмалар менен А-ге каршылык көрсөтсө болот, бирок баары бир акыр аягында ар дайым А-дин жеңгени жеңген деп айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4