АйдаркенБаткен облусунун Кадамжай районундагы шаар. Ал Айдаркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганына байланыштуу 1942-жылы отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңгээлинен 1980 м бийиктикте, Кызыл-Кыя - Баткен унаа жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км түштүк-батыш, облустун борбору Баткен шаарынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта.

Отурукташкан жай
Айдаркен
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Район Кадамжай району
Координаттар 39°56′28″ с. ш. 71°20′37″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 10 331 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Айдаркен (Кыргызстан)

«Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде), музыкалык мектеп, 4 китепкана, оорукана, медициналык үй-бүлө борбору, дарыкана, маданият үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.

Калкы түзөтүү

Калкы - 10 331 киши (2009-жылы)[1].

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.