Айдоо — кыртышты соко менен коңторуу, майдалоо жана аралаштыруу, аны иштетүүнүн негизги ыкмасы; өсүмдүк эгүү үчүн соко менен топурагы коңторулуп, жумшартылган жер аянты. Айдаганда топурак коңторулуп, майдаланып, аралашат да, топурактын кыртышы (үстүңкү катмары) айдоонун астына түшүп, астыңкы катмары үстүнө чыгат. Айдалган катмар көпшөк болуп, топурактын аба, ным жана жылуулук режими жакшырат. Аэробдуу микроорганизмдердин тиричилиги жакшырып, органикалык заттар чирип, минерал бирикмелери кычкылданат да, өсүмдүккө сиңимдүү азык заттар көбөйөт. Отоо чөптүн уругу айдоонун астына түшүп, өнүп чыкпайт. Көптөгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен илдеттери жоголот. Өсүмдүк илдетке аз чалдыгат да, жер семирткичти жакшы сиңирип, түшүм арбыйт. Жер түрдүү соко менен айдалат. Айдоонун түрлөрү: кыртышты соконун калагы менен 180°ка коңторуп айдоо, чымдуу жерди соконун калагы менен 135°ка оодарып айдоо. Мында топурактын айдалган катмары 45° бурч боюнча бири бирине тыгыз жатат. Айдоонун бул түрү көп жылдык отоо чөптү толук жок кылбайт, үрөн себүүдө топуракты тырмоо, малалоо ж. б. иштер көп талап кылынат. Өздөрүштүрүлгөн айдоодо жер тилгичтүү соко менен айдалат. Соконун тилгичи кыртыштын үстүңкү катмарын (10-12 см) астына, ал эми соконун калагы астыңкы катмарын үстүнө таштайт. Бул агротехникалык эрежелерге толук жооп берип, түшүмдү жогорулатат. Эки ярустуу айдоо 30 см (үстүңкүсү 15 см, астыңкысы 15 см оодарат) жана 40 см (0-20 см; 20-40 см) тереңдикте ярустуу соко менен айдалат. Айдоонун тереңдиги, убактысы ар бир зонанын топурак-климаттык шартына, кыртыштын физикалык жана биологиялык абалына ж. б. жараша болот. Эң кеңири таралганы - тилкелеп айдоо. Мында айдалуучу жер өзүнчө тилкелерге бөлүнүп, соко коңторгон топуракты тилкенин ичин же сыртын карай жыгат. Ичине жыгып айдоо тилкенин ортосунан, сыртына жыгуусу четинен башталат. Топуракты терең алып, ала калтырбай, өсүмдүк калдыктарын толук көмө жүргүзүлгөн айдоо сапаттуу деп эсептелинет. Буга мөөнөттү өткөрбөй, сокону алдын ала даярдап, кыртышты биринчи жылы тилкенин ичин, экинчи жылы сыртын карай жыгып айдоо менен жетишүүгө болот. Кыргызстанда бардык айдоо аянты 1, 118 млн ганы түзөт (2003).

Айдоо
Айдоо

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1