"Ай жарыгы" (англ. Moonlight, орус. Лунный свет) — 2016-жылы Америкада жарык көргөн бойго жеткендик тууралуу драма. Сценарийдин автору жана режиссеру Барри Жэнкинс. Тасма Тарелл Элвин Маккрейнинин "Ай жарыгында кара балдар көк көрүнөт" аттуу басылып чыгарылбаган автобиографиялык пьесасынын негизделген. Башкы ролдорду ойногондор Треванте Роудс, Андре Холлэнд, Жанэл Моне, Эштон Сандерс, Жаррел Жером, Наоми Харрис жана Махершала Али.

Айдын жарыгы
Moonlight

Ай жарыгы (англ. Moonlight) тасмасынын постери
Жанры

драма

Режиссёру

Барри Женкинс

Продюсери

Adele Romanski,
Dede Gardner,
Jeremy Kleiner

Сценарийдин
автору

Барри Женкинс
Тарелл Элвин МакКрейни

Башкы ролдордо

Махершала Али
Наоми Харрис
Жанель Монэ

Оператору

Жеймс Лэкстон

Композитору

Николас Брителл

Кинокомпания

A24
Plan B Entertainment

Узактыгы

110 мүнөт

Бюджети

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

26 000 000 $

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

20162017

IMDb

ID 4975722

Тасма башкы каармандын жашоосундагы үч баскычты баяндайт. Анын сексуалдык жана өзүнүн ким экендиги тууралуу кыйынчылыктарга кабылып, анын натыйжасында физикалык жана эмоционалдык жапа чеккенин ачып берет. "Ай жарыгы" АКШнын Флорида штатынын Майами шаарында 2015-жылдын башында тартыла баштаган. Премьерасы Теллюриде кинофестивалында 2016-жылдын 2-сентябрында болгон. A24 компаниясы тарабынан жайылтылган тасма АКШда ошол эле жылдын 21-октябрынан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. 1.5 млн долларлык бюджет менен тартылган тасма дүйнө жүзү боюнча 55 млн доллардан ашык каражат топтой алган.

"Ай жарыгы" жарык көрөөрү менен киносынчылардын көңүлдөрүнөн түнөк тапкан. 74-Алтын глобус сыйлыгын тапшыруу аземинде беш категория боюнча наамга көрсөтүлгөн тасма "Эң мыкты тасма — драма" номинациясын утуп алган. Ошондой эле, тасма Оскарга сегиз номинация боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты тасма", "Экинчи пландагы эң мыкты эркек актер" (Махершала Али) жана "Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий" (Женкинс менен Маккрейни) сыйлыктарын жеңип алган.

"Ай жарыгы" бардык актердук топ кара терилүү кишилерден турган алгачкы тасма жана алгачкы ЛГБТ тасмасы. Ошондой эле өлкө ичиндеги эң аз киреше алып келген экинчи кинотасма (Оору баскычтан кийинки) болуу менен Оскардын "Эң мыкты тасма" сыйлыгына утуп алууга жетишкен. Тасманын монтажеру Жои Макмиллон монтажы үчүн Оскарга көрсөтүлгөн алгачкы кара терилүү аял (Нат Сэндерс менен бирге монтаждаган), ал эми Али Оскарды утуп алган алгачкы мусулман актер болуп калган.

Сюжети түзөтүү

Каармандарда түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү