Айша - (614-ж. чен, Меке - 13. 7. 678, Медина) Мухаммед пайгамбардын кичи аялы, биринчи халиф Абу Бакрдин (Абу Бекр) кызы. Ал мусулманчылыкты алгач кабыл алгандардын бири, пайгамбардын шериктеши болгон. Пайгамбар менен өткөргөн 9 жыл ичинде андан абдан көп диний сабактарды алган. Айша жамаатта көрүнүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн болгон саясий күрөшкө активдүү катышат, халифтикке жеткен Алинин (Азирет Алинин) душмандары тарабына өтөт. Айша 656-ж. болгон «төөчөндөр согушуна» өзү катышат. Согушта Алинин жеңишине байланыштуу саясий күрөштөн четтеп калган. Мухаммед өлгөндөн кийин «мусулмандардын энеси» деген атакка ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1